Россия ТИМи ЕАЭБ менен "Бир жол — бир алкак" кандай кызматташып жатканын айтты

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүЕАЭБдин мүчө мамлекеттердин желектери. Архив
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттердин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Жазылуу
Дипломат соода байланыштары бир катар укуктук базалар менен бекемделгенин белгиледи.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. ЕАЭБди өнүктүрүү планы менен Кытайдын "Бир жол — бир алкак" демилгесинин өз ара байланыштары бекемделүүдө, ошол эле учурда экономикалык блоктогу өлкөлөр Кытай менен кызматташууга ынтызар. Бул туурасында Россия ТИМинин КМШ өлкөлөрү боюнча биринчи департаментинин директору Микаэл Агасандян билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал блоктун Пекин менен өз ара иштешүүсү соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө ЕАЭБ менен Кытайдын ортосунда кол коюлуп, 2019-жылы күчүнө кирген макулдашуунун негизинде жүрүп жатканын белгиледи.
"Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында биргелешкен комиссия түзүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын февралында кезектеги жыйындардын биринде ЕАЭБ менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча планга (жол карта) кол коюлду", — деди Агасандян.
Бул документте транспорттук коридорду санариптештирүү, сырткы соода саясаты боюнча диалог түзүү, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыктын ар кандай сценарийлеринин майнаптуулугун аныктоо боюнча биргелешкен илимий изилдөө жүргүзүү сыяктуу аспектилерге көңүл бурулган.
Ал эми 2020-жылы дагы бир макулдашуу күчүнө кирген, анда ЕАЭБ менен Кытайдын бажы чек арасы аркылуу автоунаа менен жүк ташууда товар жөнүндө маалымат алмашуу камтылган.
"Бүгүнкү күндөгү укуктук база тыгыз кызматташууга абдан жакшы өбөлгө болуп берет. Ошол эле маалда биримдиктин ичинде баарыбыздын ишенимдүү соода өнөктөшүбүз болгон Кытай менен өз ара иштешүүнү улантууга жакшы маанай түзүлгөн", — деди дипломат.
Ошондой эле ал Пекин тараптан дагы ушундай эле мамиле жасалып жатканын кошумчалады.
Товарды фурага жүктөө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Батыштын жолу буулуп... Кыргыз товарларын Россияга ташычу жаңы коридор тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0