Өкмөт: кичи ГЭСтерге ылайык жерлер тоскоолдуксуз трансформацияланышы керек

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары президенттин "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө" жарлыгын эске салды.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кичи ГЭСтерди, күн жана шамалдан электр энергиясын алуучу станцияларды курууга ылайыкташкан жерлер тоскоолдуксуз трансформацияланышы керек. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айтты.
Өкмөттүн маалымат кызматы 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйын өткөнүн билдирди. Анда "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө" жарлык да талкууланган.
Төрөбаевдин айтымында, Энергетика, Айыл чарба, Жаратылыш ресурстары министрликтерине, Жашыл энергетика фондуна, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бул жарыктын алкагында тапшырмалар берилген.
"Ишкерлер жер маселеси чечилбей мамлекеттик органдардын ортосунда чайналып жүргөндөй болбосун", — деген ал.
Жашыл энергетика фондуна чакан ГЭСтерди, күн жана шамалдан электрди өндүрүү станцияларын курууга Кочкор жана Айтматов райондорунан 34,54 гектар жер бөлүнүп берилген. Өкмөттүн маалыматына караганда, Кыргызстанга 88 чакан ГЭС курса болот. Быйыл республика боюнча 137,5 мегаватт кубаттуулуктагы кичи ГЭСтер ишке берилери айтылды.
Мындан тышкары, энергетика министрине ыкчам чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн президенттин "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө" жарлыгы каралды.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине, тармактык министрликтердин жетекчилеринин орун басарларына эми энергетика министри тапшырма бере алат. Маселелердин ыкчам чечилишин камсыздоо үчүн ыйгарым укук берилип жатат. Ушул жумада жарлыкты ишке ашыруу максатында министрлер кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынат", — деп сөзүн жыйынтыктады Төрөбаев.
Шамал станциясындагы шамал агрегаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Адис шамал, күн электр станциясын курууга кандай жеңилдик берилерин айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0