Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров 26-сентябрга чейин камакта калмай болду

© AP Photo / Maya AlleruzzoКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Жазылуу
Улан Жапаров коррупцияга шектелип өткөн айда кармалган.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаров 26-сентябрга чейин камакта калмай болду. Мындай өкүмдү Биринчи май райондук соту чыгарды.
Эскерте кетсек, 32 жаштагы Улан Жапаров Садыр Жапаровдун атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу. Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз ишке тиешеси болгон деп шектелип, 6-июлда ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынган.
Тууганынын камакка алынышы боюнча өлкө башчы да комментарий берген.
Кишен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2023
УКМК коррупция менен кармалгандар кандай шартта бошотулуп жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0