Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Быйыл Кыргызстанда кайсы жерлер газдаштырылат

© Фото / Ярослав МальцевБишкек шаарынын конуштарынын биринде газ түтүктөрүн орнотуу иштери. Архивдик сүрөт
Бишкек шаарынын конуштарынын биринде газ түтүктөрүн орнотуу иштери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Жазылуу
Үйдү көгүлтүр от менен жылытууга өткөрүү Бишкек шаары менен Чүй облусунда жүрөт.
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. 2023-жылы Бишкек шаары менен Чүй облусунда тогуз конуш менен калк жашаган эки пунктуга газ тартуу пландалууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде "Газпром Кыргызстан" ишканасынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Газпром Кыргызстан" ишканасынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров
Замгендиректора по экономике и финансам ОсОО Газпром Кыргызстан Арзымат Алдаяров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
"Газпром Кыргызстан" ишканасынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров
"2023-жылга 11 объект пландалган. Бишкекте тогуз: Ак-Тилек, Ак-Тилек 2, Ак-Тилек — Турбаза, Ала-Арча, Бакай-Ата, Попеновка, Көк-Жар, Товарная, Төкөлдөш конуштары. Андан сырткары, Чүй облусуна караган Селекция, Новопавловка айылдары", — деди ал.
Алдаяров көчөлөргө тартыла турган 220 чакырым газ бөлүштүрүүчү түтүктүн 70 пайызы жаткырылганын кошумчалады. Октябрда аталган райондордогу абоненттерге көгүлтүр отту туташтыруу иштери башталат.
Бийлик абанын кирдешине каршы жасалган иштердин алкагында бишкектиктерге үйүнө газ менен жылыткан каражаттарды коюуга жеңилдетилген насыя берүүнү пландаган.
Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук администрациясынын башчысы Максатбек Саргазаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
Радио
Бишкек: газ койдурууга жеңилдетилген насыя берилет. Шарттары
Жаңылыктар түрмөгү
0