Чыгымды төлөдү. MegaCom компаниясынын мурдагы жетекчиси үй камагына чыкты

© Фото / предоставлено отделом рекламы и информации MegaCom"Альфа Телеком" (ал кездеги MegaCom, азыркы MEGA) компаниясынын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов. Архив
Альфа Телеком (ал кездеги MegaCom, азыркы MEGA) компаниясынын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Жазылуу
Азат Базаркуловдун мамлекетке миллиондогон зыян келтиргенин айткан.
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. "Альфа Телеком" (ал кездеги MegaCom, азыркы MEGA) компаниясынын мурдагы башкы директору Азат Базаркуловду абактан 9-сентябрга чейин чыгарышты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлады.
"Тергөөнүн жүрүшүндө күнөөлөнүп жаткан П.М.А., Д.Б.Б. жана Б.А.Т. келтирген 6,7 миллион сомдук материалдык чыгымдын орду толтурулду", — деп айткан сот.
Эске салсак, Базаркулов 27-июнда кармалган. УКМК "Альфа Телеком" ЖАКтагы сатып алуулар системасында мыйзам бузуу фактылары аныкталганын билдирген.
УКМКдан компаниянын жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала сүйлөшүп алып, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды даярдап, тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай кылганы аныкталганын айткан.
Атайын кызматтын маалыматында, иштин жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, сатып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени такталган.
Туризмди колдоо фондунун мурдагы жетекчиси Елена Калашникова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2023
Елена Калашникованы 12 млн. сом төлөтүп, үй камагына чыгарышты
Жаңылыктар түрмөгү
0