Гүлжигит Алыкулов "Неман" футболдук клубуна кайтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Жазылуу
Кыргызстандык футболчу буга чейин да, 2019-жылдын сезонунда "Неман" клубунда ойногон.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Беларустун Жогорку лигасында ойногон гродненскилик "Неман" футболдук клубу менен 1,5 жылга келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан маалымдады.
Аталган клубда кыргызстандык футболчу Алимардон Шукуров дагы ойнойт.
"Неман" учурда Конференция лигасынын квалификациясынын үчүнчү раундунда. 2023-жылкы сезондо бул футболдук клуб Беларусь чемпионатында биринчи орунда турат. Анын капчыгында 10 жеңиш, эки тең чыгуу жана эки жолку жеңилүү бар. Алыкулов буга чейин да, 2019-жылдын сезонунда "Неманда" ойногон. 24 беттешке катышып, төрт гол киргизген.
2020-2023-жылдары казакстандык "Кайрат" клубунун курамында ойногон.
Кайрат клубунун жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2022
Таамай сокку. Гүлжигит Алыкуловдун 25 метрден гол киргизген видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0