Кыргызстандыктарга Казакстанда каттоосуз 90 күн жүрүүгө уруксат берүү каралууда

© Sputnik / Илья ПиталевАстанадагы скамейкада отурган жаштар. Архив
Астанадагы скамейкада отурган жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Жазылуу
Азыркы тапта КР жарандары коңшу өлкөдө каттоосуз 30 күнгө чейин жүрө алат.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандыктарга Казакстанда каттоосуз 90 күнгө чейин жүрүүгө уруксат берүү каралууда. Өлкө премьер-министринин тийиштүү токтомунун долбоору жарыяланды.
Учурда Кыргызстандын жарандары Казакстанда каттоосуз 30 күнгө чейин жүрө алат. Жаңы документ күчүнө кирсе мөөнөт 90 күнгө чейин узармакчы.
Токтом долбоордун негиздемесинде мындай өзгөртүүлөр Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилени бекемдөөгө жана КР жарандарынын коңшу өлкөдө жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө өбөлгө болору жазылган.
Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасындагы паспорттук көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Бийлик кыргыз-тажик чек арасын ачуу макулдашылды деген маалыматты төгүндөдү
Жаңылыктар түрмөгү
0