Антимонополия кызматы "Яндекс таксиге" бир ай мөөнөт берди. Себеби

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүү"Яндекс таксинин" унаасы.Архивдик сүрөт
Яндекс таксинин унаасы.Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Жазылуу
Ведомство мыйзамга туура келбеген үч фактыны таап чыккан.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Антимонополия кызматы "Яндекс таксиге" мыйзам бузууларды четтетүүгө бир айдан бир аз көбүрөөк мөөнөт берди.
Ведомство мыйзамга туура келбеген үч фактыны таап чыккан.
Алар:
жүргүнчүлөргө маалымат толук жана так жеткен эмес;
көрсөтүлгөн кызматтын сапаты жана коопсуздугу начар;
эл көп чакырган учурда баалардын коюлуш ыкмасы түшүнүксүз.
Компанияга эскертүү жөнөтүлгөн. "Яндекс таксиге" мыйзам бузулган учурларды четтетишине 7-сентябрга чейин мөөнөт беришти.
Такси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
Нарында такси акысы 15 сомго түшүрүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0