Жаңыланган, күчтөнгөн МиГ-31БМ. Мүнөздөмө

© Sputnik / Владимир АстапковичЖаңыланган, күчтөнгөн МиГ-31 истребители. Архив
Жаңыланган, күчтөнгөн МиГ-31 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Жазылуу
2024-жылга чейин Россиянын Коргоо министрлиги 114 истребителди МиГ-31БМ жана МиГ-31И деңгээлине жеткирүүнү карап жатат.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Авиакурулуш боюнча биргелешкен корпорация МиГ-31 истребителдерин оңдоп жана жаңылап чыкты. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы атайын инфографика даярдады.
© Sputnik_InfographicsМодернизация тяжелого истребителя МиГ-31
Модернизация тяжелого истребителя МиГ-31 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Ишти коргонуу жаатындагы мамлекеттик буюртманын негизинде жасап, техниканы дайыма токтой турган базага жиберишти.
МиГ-31БМ аба буталарын, алардын ичинен канаттуу жана баллистикалык ракеталар кармап жок кылууга багытталган, бул жаатта ага эч бир бирдик тең келе албайт;
аны Нижегороддогу "Сокол" авиазаводунда 1975-1994-жылдар аралыгында түзүп чыгышкан. 500 даанасы жасалып, аларды азыркы күнгө чейин Россия менен Казакстанда пайдаланып келишет;
бул аба кемесинин бир нече варианттары бар. МиГ-31БМ, гиперүндүү "Кинжал" комплексинин ташуучусу МиГ-31К жана спутниктик ракетага каршы турган МиГ-31И;
"отуз биринчи" пайдаланылган жылдары сегиз ирет жаңыланып, модели алмаштырылды;
2024-жылга чейин Россиянын Коргоо министрлиги 114 истребителди МиГ-31БМ жана МиГ-31И деңгээлине жеткирүүнү карап жатат.
Бешинчи муундагы сокку уруучу учактар чыкса да россиялык МиГ-31 оор истребители дүйнөдө эң күчтүү согуштук аба кемеси бойдон калууда. Курал жана борттук радиоэлектрондук жабдуусунун жаңыртылышы МиГ-31БМ модификациясынын майнаптуулугун дээрлик үч эсеге көтөрдү.
МиГ-31И истребители. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Батыш МиГ-31И истребителинин космостогу мүмкүнчүлүгүнөн чочулоодо. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0