Сот эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин туура деп тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутатынын орун жайы. Архивдик сүрөт
Жогорку Кеңештин депутатынын орун жайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Жазылуу
Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун арыздары канааттандырылган эмес.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкек калаасынын административдик соту Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билим тууралуу дипломдорунун жараксыздыгына байланыштуу аларды мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Депутат Фархат Исмаилов

Депутат Фархат Исмаилов  - Sputnik Кыргызстан
1/2

Депутат Фархат Исмаилов

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Депутат Фарходбек Алимжанов

Депутат Фарходбек Алимжанов  - Sputnik Кыргызстан
2/2

Депутат Фарходбек Алимжанов

1/2

Депутат Фархат Исмаилов

2/2

Депутат Фарходбек Алимжанов

Исмаилов менен Алимжановдун доосу канааттандырылган эмес. Фемида өкүлдөрүнүн чечимине 30 күндүн ичинде арызданса болот.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Исмаилов менен Алимжановдун мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алган. Өткөн жылдын апрель айында УКМК аталган депутаттар жасалма диплом алууга шектелип жатканын билдирген болчу. Андан соң Алимжанов маселени четке кагып, дипломду өзү окуп алганын билдирген. Ошол бойдон бул маселе каралбай токтоп калган.
УКМКнын кызматкерине пара сунуштаган Кочкор-Ата шаарындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун дарыгери  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2022
УКМК: жасалма диплом менен иштеген хирург пара берүүгө аракет кылды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0