Дем алыш күндөрү жол инспекторлору күчөтүлгөн режимде иштейт

© Фото / пресс-служба ГУОБДД Инспектор кызматы. Архивдик сүрөт
Инспектор кызматы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Жазылуу
Кечинде автотыгын жаралбашы үчүн көчө кесилиштериндеги жол кыймылы тескөөгө алынат.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы күчөтүлгөн тартипке өтүп, жолдорго кошумча посттор коюлат. Бул тууралуу ЖКККББ кабарлады.
Маалыматта дал ушул күндөрү Ысык-Көлдөн Бишкекке кайткан транспорттун агымы көбөйөрү белгиленген. Мындан улам Ысык-Көл менен Чүй облустарынын жана борбордук аппараттын жол инспекторлору Ысык-Көл — Бишкек багыты боюнча автоунаа кыймылына тыкыр көз салмакчы.
"Негизинен эл ташыган маршруттук таксилер, жеке автоунаалар текшерүүгө алынат. Буга катар жол эрежесинин бузулушун алдын алуу максатында кошумча посттор коюлат. Ал эми кечинде автотыгын жаралбашы үчүн көчө кесилиштериндеги жол кыймылы тескөөгө алынат", — деп айтылат билдирүүдө.
ЖКККББ айдоочулардан тыгында калбоо үчүн сапарын алдын ала пландоону өтүнгөн.
Автоураган аппараты 6 саатта жол эрежесин бузган 42 автоунааны аныктады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
"Автоураган" аппараты 6 саатта жол эрежесин бузган 42 автоунааны аныктады
Жаңылыктар түрмөгү
0