Мамдепартамент Москвадан дан келишимин жандандыруу шарттарын тактап берүүнү суранды

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүДан эгиндерин жыйноо. Архив
Дан эгиндерин жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2023
Жазылуу
Владимир Путин пакеттик макулдашуудагы россиялык бөлүктү ишке ашыруудан майнап чыкпагандыгынан улам келишимди мындан ары узартуу мааниси жоголгонун айткан.
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. АКШ Кара деңиздеги эгин демилгесин кайра баштоо үчүн Россия эмнени каалап жаткандыгын билгиси келет. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин санкциялар боюнча кеңсесинин башчысы Жеймс О'Брайен билдиргенин РИА Новости жазды.

"Биринчиден, Россия эмнени сурап жатканын такташы керек. Ал бир топ ар кандай талаптарды койду. Алардын баары россиялык мекемелер жеке сектордон кызмат ала албай жатканына байланыштуу", — деди ал брифинг учурунда.

О'Брайендин айтымында, АКШ буга чейин эле "бул маселелердин кайсынысына болбосун жардам берүүгө" даяр экенин билдирген. "Бирок Россия эмнени ийгиликтүү деп эсептей турганы белгисиз" деди ал.
Мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин артынан О'Брайен Россия өткөн жылы рекорддук 61,8 миллион тонна эгин экспорттоду айтып, бул мурдагы жылдагыдан 10-15 пайызга көп деп белгилеген.
"Эгер планета үчүн азык-түлүк өлчөөчү нерсе, критерий дей турган болсок, анда Россиянын экспортуна жардам берүү үчүн биздин БУУ жана Түркия менен баштаган процесс ийгиликтүү иштеп жатат. Ал эми Россиянын абдан жакшы иштеген система боюнча айткан даттануулары майда-барат болуп калат", — деген дипломат.
Кара деңиз демилгесине 2022-жылдын 22-июлунда Россиянын, Түркиянын, Украинанын жана БУУнун өкүлдөрү кол койгон. Анын алкагында дан эгиндери украиналык үч, атап айтканда, Одесса, Кара деңиз жана Түштүк портторунан сыртка чыгарылат.
Кара деңиз дан демилгеси пакеттик макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Үч жылга эсептелген Россия — БУУ меморандумунун экинчи бөлүгү Россиянын азык-түлүк жана жер семирткичтердин экспортуна бөгөт коюуну, Россельхозбанкты SWIFT системасына кайра кошууну, айыл чарба техникаларын, запастык бөлүктөрдү жана кызматтарды берүүнү калыбына келтирүүнү, Тольятти — Одесса аммиак түтүгүнүн ишин калыбына келтирүүнү карайт.
Дан келишими 18-июлда Россия Түркияга, Украинага жана БУУга келишимди узартууга каршылыгын билдиргенден кийин токтотулган. РФ президенти Владимир Путин пакеттик макулдашуудагы россиялык бөлүктү ишке ашыруудан майнап чыкпагандыгынан улам келишимди мындан ары узартуу мааниси жоголгонун айткан. Путин келишимдин негизги максаты болгон — муктаж өлкөлөргө, анын ичинде африкалык өлкөлөргө эгин жеткирүү эч качан ишке ашпаганына карабастан, Батыш Украина данынын көбүн өзүнө экспорттогонун айтып келет.
Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдоган. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Путиндин Түркияга расмий сапар менен барарын айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0