Эс алуучулардын эсине: Ысык-Көл облусу боюнча бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдө парустук кемедеги адамдар. Архив
Ысык-Көлдө парустук кемедеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 12-августка чейин Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин айтымында, 6-августтан 8-августка чейин көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Андан соң жума аягына чейин жер-жерлерде өткүн өтүп турары божомолдонууда.
8-августта айрым жерлерде абанын температурасы 9 градуска чейин төмөндөй тургандыгы айтылды. Ал эми Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында абанын температурасы 30 градуска чейин көтөрүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-августта күндүз, 7-8-августта жана 11-августта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Чолпон Ата шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2023
Борбор Азиянын жаштары Ысык-Көлдө өтчү форумга чогулат
Жаңылыктар түрмөгү
0