Атасы менен Ала-Арчага эс алууга кеткен 8 жашар кыздын да сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкерлеринин издөө иштери. Архивдик сүрөт
ӨКМ кызматкерлеринин издөө иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Жазылуу
Издөө иштерине ӨКМ куткаруучуларынан тышкары ыктыярчылар да тартылган эле.
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Атасы менен Ала-Арчага эс алууга кеткен сегиз жашар кыздын да сөөгү табылганын ӨКМ кабарлады.
Маалыматта жеткинчектин жансыз денесин куткаруучулар суудан саат 16:20лар чамасында таап чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкени айтылат.
Эскерте кетсек, 41 жаштагы Борис Михайлов кызы Руфина менен эс алууга 3-августта чыгып кеткен. Бирок көп өтпөй алар менен байланышуу мүмкүн болбой калган. Издөө жарыяланып, бүгүн эртең менен эркек кишинин сөөгү суудан табылган. Ал эми жеткинчекти издөөгө ӨКМ, ИИМ кызматкерлеринен тышкары ыктыярчылар да тартылган болчу.
Ооруканада жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Ак-Ордо-3тө фура сүзгөн маршуткада жаракат алган дагы бир аял түндө каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0