Жыргалаң кенин суу басып, дагы деле иштетилбей жатабы? Садыр Жапаровдун жообу

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевЖыргалаң көмүр кени. Архивдик сүрөт
Жыргалаң көмүр кени. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Жазылуу
Өкмөт ушул жумада аталган кен ишке киргизилгенин жар салган.
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилгендигине байланыштуу суроолорго жооп берди. Ал "Кабар" агенттигине маек берген.
Айрым журналисттер "бул жалган, Жыргалаң эмес, башка кен ишке кирди" деген кептер болуп жатканын айткан.
Жапаровдун билдиришинче, 2009-жылы шахтаны мамлекеттен аукцион аркылуу бир тууган агасы Сабыр Жапаров сатып алган. Бирок өкмөт 80 миллион карызы бар экенин жашырып коюп, аны агасы эки жылдай төлөгөн.
"2011-жылдан баштап толук кандуу иштете баштайт. Мен камалып чыгып, чет өлкөгө чыгып кеткенден кийин бийлик криминалдарды жиберип шахтаны тартып алышат. Кесипкөйлөр иштетпегенден кийин бир аз убакыт өтпөй шахта токтойт, ортодо ӨКМдин эки кызматкери каза болот. Ошентип, шахтага суу толуп калат. Ошол бойдон ушул күнгө чейин суу басып жатат", — деген президент.
Ал бийликке келгенде агасы шахтасын алам деп чыкканын, бирок "бийлик күчкө салып алып алды" деген кеп болорун айтып макул болбой койгонун кошумчалады.
"Шахтаны азыр Марат деген бизнесмен иштете баштады. Россия-Кыргыз фондунан 1 миллион 700 миң доллар насыя алып, эки жылдан бери даярдоо иштерин жүргүздү. Эми, кудай буюрса, мындан ары Жыргалаң шахтасы бери дегенде 20 жыл токтоосуз иштеп кетет. Шахта өзүн-өзү актамак түгүл, эбегейсиз зор киреше берет деп ишенем", — деген өлкө башчы.
Ошондой эле айрымдардын шахтаны суу басып жатат деген суроосуна жооп берген.
"Ооба, баягы суу баскан ооз жагын суу басып эле турат. Азыр башка жагынан — эки жерден туннель менен кирип көмүр алып жатышат. Суу баскан жактагы көмүрдү дагы алышат. Эми ушул учурдан пайдаланып, жалган деп жаткан бир ууч жарандарыбызга кайрылып кетейин. Өзүңөр өлкөнүн өсүшүнө пайда келтирбесеңер дагы зыяныңарды тийгизбей тургулачы, сураныч. Өлкөбүздө ушундай жакшы иштер жасалып жатканда, тескерисинче, сүйүнүп, колдоп-коштоп ийгилик каалап турсаңар жакшы эмеспи", — деген Жапаров.
Ал шахта Ысык-Көл калкынын жарымын көмүр менен камсыз кылганга жетишет деп үмүттөнүп жатканын кошумчалаган.
Иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке кирди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Суткасына 100-120 тонна казылмакчы. Иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке кирди
Жаңылыктар түрмөгү
0