Жаан-чачындуу болот. Келерки жумага карата аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Максим БлиновЖамгыр учурунда көлдөгү адам. Архив
Жамгыр учурунда көлдөгү адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Жазылуу
Синоптиктер 7-8-августта абанын температурасы бир нече градуска төмөндөй турганын айтты.
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы аптада аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.
Синоптиктердин айтымында, 7-8-август күндөрү абанын температурасы 6-7 градуска төмөндөп, жер-жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бирок 9-августтан тарта күн кайрадан ысый тургандыгы күтүлүүдө.

Чүй, Талас облустары

Апта башында күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 10-августтан тарта күн кайрадан ысыйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-7-8-августта жана 11-августта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Аймактарда апта бою айрым жерлерде маал-маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-августта күндүз, 7-8-августта жана 11-августта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл

Көл кылаасында да аба ырайы жуманын аягына чейин жаан-чачындуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 6-7-8-августта жана 11-августта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын

Апта жаан-чачын менен башталып, 10-августта күн ачылат. Бирок 11-12-августта жер-жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү божомолдонууда.
Адамдын сөөгүн тапканда мурдун жаап алган Гром. Кинологдун видеобаяны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Адамдын сөөгүн тапканда мурдун жаап алган Гром. Кинологдун видеобаяны
Жаңылыктар түрмөгү
0