Япония Бишкек менен Чүйдөгү 10 ооруканага заманбап жабдуу берет

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүМедициналык жабдуу. Архивдик сүрөт
Медициналык жабдуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2023
Жазылуу
Жабдуулар 2025-жылга чейин келери күтүлүүдө.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдөгү 10 медициналык мекеме Япониядан заманбап жабдууларды алат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров Чүй облустук бириктирилген ооруканасында болуп, JICA агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жана япониялык медициналык консультанттар менен жолуккан. Анда буга чейин кол коюлган меморандумдун алкагында 7,5 миллион долларга саламаттык сактоо тармагына заманбап диагностикалык жабдууларды гранттык негизде берүү талкууланган.
"Япониядан келген адистер Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 10 бейтапкананы кыдырып, зарыл болгон медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп чыгышкан. Заманбап жабдуулар толугу менен 2024-жылдын аягы, 2025-жылдын башында келиши күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, япон өкмөтү быйыл "Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программа" долбоорунун алкагында Кыргызстанга кайтарымсыз 2 миллион 260 миң доллар каражат бөлүп берери айтылган. Ал каражат кадрларды даярдоого жана мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жумшалмакчы.
Клиникалык оорукананын жаны имаратынын палатасында медициналык кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Кыргызстан оорукана, лабораторияларды жакшыртуу үчүн АӨБдөн 30 млн. доллар алат
Жаңылыктар түрмөгү
0