Түптүн дагы үч айылында катуу сел жүрдү. Видео

© Sputnik / Артур ЛебедевСелдин кесепеттери. Архив
Селдин кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2023
Жазылуу
Буга чейин Садыр Жапаровдун айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
БИШКЕК, 7-авг. – Sputnik. Түп районуна караштуу Корумду жана Коочу айылдарында катуу сел жүрдү. Жеринен тартылган видео соцтармактарга тарады.
ӨКМдин маалыматына караганда, бүгүн ошол эле районго караштуу Талды-Суу айылын дагы сел каптаган. Министрлик бул боюнча кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалады.
Белгилей кетсек, Корумду Талды-Суу айыл өкмөтүнө карайт.
2-август күнү Байзак жана Кең-Суу айылдарында дагы сел жүрүп, Каркыра айыл өкмөтүнүн чечими менен өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Кокту-колоттордон келген сел суулардын Ысык-Көлдүн Түп районуна келтирген кесепети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Түптүн айылдарында сел жүрүп үйлөрдү каптаган. Жерине ӨКМ башчысы барды
Жаңылыктар түрмөгү
0