Жапаров Грузиянын президенти Саломе Зурабишвилиге көңүл айтты

© Фото / пресс-служба президента КРПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2023
Жазылуу
Кыргызстандын президенти жабыр тарткан грузиялыктардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалаарын айткан.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Шови курортундагы жер көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болгонуна байланыштуу Грузия жетекчиси Саломе Зурабишвилиге көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
“Грузиянын Шови курортунда болгон жер көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болуп, ири кыйроолор болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көӊүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм", — деп айтылат телеграммада.
Эске салсак, 3-августта Шови курортун (Рача аймагы, Грузия) жер көчкү басып, 18 адам каза тапты. Дайынсыз болуп жаткан 18ден ашык адамды издеп жатканын, алардын арасында балдардын да бар экени кабарланды. Көпүрөлөр талкаланып, Шовиге кирген жолдор бузулган. Кырсык болгондон тарта куткаруучулар 210 адамды эвакуациялаган.
"Тилекке каршы, жаратылыш кырсыгын саксактап турууга мүмкүн эмес. Трагедия өтө олуттуу. Шови курорту эми жок деп айтса болот, ал толугу менен талкаланып, баткактын алдында калды", — деген Тбилиси шаарынын мэри Каха Каладзе.
Шови курортунда болгон жер көчкүнүн кесепети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2023
Жер көчкү Грузиядагы курортту толук жок кылды, 18 адам көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0