Жыл башынан бери өлкөдө 3 миңдей жол кырсыгы катталды. Жарымы Бишкекте

© AFP / CORЖол кырсыкка түшкөн автоунаалар. Архив
Жол кырсыкка түшкөн автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Жазылуу
Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу жаш балдар жабыркаган жол кырсыктары көбөйгөн.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында биринчи жарым жылдыкта 3 миңге чукул жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Улуттук статистика комитети ЖКККББга таянуу менен билдирди.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу автокырсыктар 1,3 пайызга азайган. Авариялардын басымдуу бөлүгү Бишкекте (45 пайыз), Чүйдө (19 пайыз) жана Ош облусунда (10 пайыз) болгон.
Жарым жылдын аралыгында жолдогу кырсыктардан 4,4 миң адам жаракат алганы (2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 5 пайызга аз), 269 киши набыт болгону (8,5 пайызга көп) айтылат. Ал эми балдар катышкан авариялардын саны 820га жетип, 2,2 пайызга көбөйгөн. Анын кесепетинен 38 бала көз жумуп, 981и жаракат алган.
Ичип алып рулга отурган айдоочулардын айынан 153 кырсык катталган, мурунку жылга салыштырмалуу 17 пайызга азайды.
Ош облусунун аймагында жол бойлоруна кайгуул милициянын кызматтык унааларынын макеттери коюлуп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Ошто жол бойлоруна кайгуул милициянын унаасынын макети коюлуп жатат. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0