Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду кыргызстандык тигүүчүлөргө кандай жардам берүүдө? Видео

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүТигүү цехинин кызматкери. Архивдик сүрөт
Тигүү цехинин кызматкери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Жазылуу
Кыргызстан жеңил өнөр жайды өнүктүрүүдө кезектеги сенсациясын жасап жатканын Артём Новиков билдирди.
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду кыргызстандык тигүүчүлөргө жеңилдетилген насыяларды берүүнү улантууда. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди.
Фонд жеке ишкер Бермет Аскаровага тигүү цехинин кошумча имаратын курууга 150 миң доллар бөлгөн. Анын продукциясынын негизги бөлүгү Россия менен Казакстанга дүң сатылат.
"Долбоорубузду ишке ашырууда төмөн пайыз менен акча алуу керек болчу. Мында бизге РКӨФ чоң жардам берди", — деди Аскарова.
Мындан тышкары, улуттук кийим тиккен Жанаргүл Кубанычбек кызына 73 миң доллар берилген. Ишкер жеңилдетилген насыяга улуттук орнамент түшүрө турган аппарат сатып алган.
"Мастер проект" компаниясынын негизги фондун толуктоо үчүн 200 миң доллар бөлүнгөн. Ишканада аялдардын кийимдерин чыгарган эки цех бар. Бардык продукция Россияга экспорттолот.
"Кыргызстан жеңил өнөр жайды өнүктүрүүдө кезектеги сенсациясын жасады. Бул тармактын алты ай ичиндеги көрсөткүчтөрү дээрлик 80 пайызга чейин өскөн. Биздин тикмечилерди өлкөнүн сыртында да билишет жана урматташат. Ал эми алардын тиккен кийим-кечелери сапаты жана жеткиликтүү баасы менен жогору бааланат. Президент менен министрлер кабинетинин учурдагы программасы жумуш орундарын колдон келишинче көбөйтүүгө багытталган. Ал эми биз өз тарабыбыздан ресурстар ишкерлерге жеткиликтүү болушу үчүн, ошондой эле алар ишин өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүшү үчүн күч-аракет жумшап жатабыз", — деген фонддун төрагасы Артём Новиков.
РКӨФ ушул убакка чейин жеңил өнөр жай тармагындагы 141 долбоорду каржылаган. Анын 131и кичи жана орто ишкерликти колдоо программасынын алкагында ишке ашырылган. Бул багытта фонд 14 өнөктөш-банк менен иштешип, долбоорлорго 20 миңден 1 миллион АКШ долларына чейин каражат бөлүп келет. Ал эми бул жердеги басым өндүрүш, айыл чарбасы, туризмди өнүктүрүү, инфраструктура, транспорт жана логистика тармагын колдоого жасалат.
Нарында кийиз буюмдарын сатуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Кыргызстанда өндүрүлгөн 140тан ашык товар Кытайдагы көргөзмөгө коюлат
Жаңылыктар түрмөгү
0