Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта унааларды кайра каттоо онлайн жүргүзүлөт

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАвтоунаа базары. Архивдик сүрөт
Автоунаа базары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта автоунааларды онлайн кайра каттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул туурасында президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев Twitter баракчасына жазды.
Анын айтымында, "Унаа" мекемесинин бөлүмдөрүнө кайрылып отурбай эле машинаны алып-сатуу банк аркылуу жүргүзүлөт. Пилоттук долбоор бир жылга созулат, эгер ал жемишин берсе онлайн кайра каттоо андан ары да ишин улантат.
"Белгилүү бир чектөөлөр жана шарттары бар, аны пилоттук долбоордун жүрүшүндө жайгарууга аракет кылабыз", — деди Буржуев.
Бишкек шаарында турак жайдын курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
2024-жылдан тарта накталай акча менен үй сатып, ижарага берүүгө тыюу салынат
Жаңылыктар түрмөгү
0