Эми Ысык-Көлдүн пляждарына бардык эс алуучулар кире алат. Жапаровдун жарлыгы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдүн пляжында эс алуучулар. Архив
Ысык-Көлдүн пляжында эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Мындан ары бардык эс алуучуларга Ысык-Көлдүн пляждарына кирүү укугу берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн мамлекет башчысы 2022-жылдын 13-майындагы "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизди.
"Анда бардык жарандарга Ысык-Көлдүн пляждык аймактарына эркин кирүү мүмкүнчүлүгү каралган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көлдөгү пляж. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Ысык-Көлдөгү пансионаттар пляжга кирген тосмолорду алууга милдеттендирилди. Жарлык
Жаңылыктар түрмөгү
0