АКШ журналисти: Батыш Путиндин экономикага тийгизген таасиринен чуу түшүүдө

© AP Photo / Dmitry LovetskyУран салынган контейнерлер. Архив
Уран салынган контейнерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Жазылуу
Моррис АКШ санкцияга карабай Россиядан урандын керектүү көлөмүнүн жарымын алып жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин экономикага таасир эте аларын түшүнгөн АКШ менен Европа дүрбөлөңгө түшүп жатат. Бул тууралуу журналист Клейтон Моррис Redacted YouTube каналында билдирген.
"АКШ Россиядан келчү урандан катуу көз каранды. Путин сөздүн түз маанисинде Американын экономикасын жок кылып кое алат. АКШ санкцияга карабай Россиядан керектүү урандын жарымын алып жатат. Биздин бийлик зарыл болгон урандан башкасынын баарын санкциялык тизмеге киргизген. Бали!" — деп жазды журналист.
Анын айтымында, Европанын өзөктүк энергетикасынын да уранга муктаждыгы күч. Моррис Нигердеги кырдаал АКШ менен Европанын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кыскартып койгонун, болбосо алар бул өлкөнүн кен байлыктарынан көптү үмтөтүп келишкенин белгилеген.
"Кошмо Штаттар Африкадагы өзүнүн түтүгүн ишке киргизүү үчүн "Түндүк агымды" жардырышты — акылдуу кадам. Келгиле, каршылаштарыбызды деле жардырып салбайлыбы", — деген Моррис.
Ал Африка акырындап "ресурстарын уурдап келген" Батышка жооп кайтара баштаганын белгилеген.
Эскерте кетсек, июлдун соңунда Нигердин президенттик гвардиясынын аскер кызматкерлери өлкө башчысы Мохамед Базумдун бийликтен четтетилгенин жар салышкан. Батыштагы бир катар мамлекеттердин лидерлери жана регионалдык ЭКОВАС уюму төңкөрүштү сынга алган. Нигер уранга бай өлкө, бул ресурстан Франция катуу көз каранды. Франциялык АЭСтер үчүн чийки заттын 15-17 пайызы дал ушул мамлекеттен келет.
АКШ президенти Жо Байден. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
АКШ карызынын айынан инвесторлордун ишеничинен чыгып калчудай... Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0