Көздүн асты эмнеден шишийт? Дарыгердин түшүндүрмөсү

© Фото / Pexels / Miriam Alonso Кыз күзгүгө карап жатат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз күзгүгө карап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Жазылуу
Шишик тамактануудан, жашоо образынан улам болсо өзү жазылып кетет. Ал эми грыжа болсо аны операция жолу менен алууга туура келет.
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Көздүн астынын шишүүсү көп себептерден улам болушу мүмкүн. Алардын негизгилерин дерматолог Юлия Галлямова Sputnik радиосуна курган маегинде түшүндүрүп, алдын алуу жолдору менен бөлүштү.
Адистин айтымында, көп учурда мындай шишик туура эмес тамактануудан болот. Туз – организмде суюктукту кармап турат. Мындан тышкары, жатарда тамактануу, алкоголь же көп суу ичүү да көздүн астындагы шишиктерди пайда кылат.
"Учурда адамдардын күнүмдүк рационунда углевод аябай көп, ошол эле түрдүү токочтор, таттуулар, мунун баары организмден суюктуктун чыгышына тоскоолдук кылат. Ошондуктан шишик пайда болот. Эгерде шишик туура эмес тамактануудан болсо, ал өзү кайра кетип калат. Мисалы, эртең менен турганда көздүн асты шишип калса, ал түшкө чейин жазылып кетиши керек", – деп түшүндүрдү Юлия Галлямова.
Ал мындай абалды алдын алуу үчүн тамак-ашты жөндөө жана курамында кофеин бар косметикалык каражаттарды колдонууну сунуштады. Дарыгер көздүн астындагы шишик тарап кетпесе, күн сайын кайталанса дарыгерге кайрылуу зарыл экендигин эскертти. Себеби адамдын бөйрөгүндө же калкан безинде көйгөй болушу мүмкүн.
"Айрым учурда көздүн астында грыжа пайда болот. Аны косметика каражаттары менен да, тамак-ашты өзгөртүү менен да кетире албайбыз. Бул учурда пластикалык операция гана жардам берет", – деди Галлямова.
Кыз төшөктө отурп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2023
Эртең менен шишип каласызбы? Дарыгер алдын алуу ыкмаларын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0