Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кувейттик кинопродюсер: Айтматовду араб өлкөлөрүнө тааныткым келет

© Sputnik / Асел АкматКувейттик кинопродюсер Али Аббас Аль-Наки
Кувейттик кинопродюсер Али Аббас Аль-Наки - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Жазылуу
Кувейттик кинопродюсер Али Аббас Аль-Наки тасмасын эмне үчүн Кыргызстандан тарткысы келерин айтты.
Кувейт мамлекетинин Vidago Art Production ("Искусствону өнүктүрүү") компаниясы Кыргызстандын тарыхы тууралуу тасма тартат. Бул тууралуу Али Аббас Аль-Наки Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кувейттик кинопродюсер: Айтматовду араб өлкөлөрүнө тааныткым келет
Анын айтымында, Кыргызстан тараптагы чыгармачылык топ даяр болору менен тартуу иштери башталмакчы.
"Тасма тартуу үчүн Кыргызстанды тандап алганыбыздын себептери көп. Алардын эң башкысы — динибиздин бир экени жана Кыргызстандын бай тарыхы. Дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө байланыштуу мусулман элдери менен болгон мамилени бекемдегибиз келет. Кыргызстан жана Кувейт мамлекеттери ортосундагы кызматташууну арттырууну каалайбыз. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен даректүү тасма тартуу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Эми сиздер тарап даяр болсо эле тартуу иштерине киришебиз. Бул нерсе менин колумда болсо бүгүн эле тартып баштамакмын. Анткени менде каалоо абдан күч. Тартылчу тасма аркылуу белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовду араб өлкөлөрүнө тааныткыбыз келет", — деди кинопродюсер.
Ал чыгармачылык топту эки өлкөнүн кино жаратуучулары түзө турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0