Энергетика министри: Кыргызстан россиялык газдын импортун көбөйтөт

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүРоссиянын газ трубалары. Архив
Россиянын газ трубалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Жазылуу
Бийлик Бишкек менен Чүйдүн аймактарын толугу менен газдаштырууну көздөөдө.
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстан россиялык газдын импортун көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев РИА Новости агенттиги үчүн курган маегинде айтты.
Ага өлкө бийлигинин көгүлтүр отту сатып алуунун көлөмүн азайтуу же көбөйтүү боюнча ниети кандай экени тууралуу суроо узатылган.
"Керектөө жогорулай турганы күтүлүп жаткандыктан сатып алууларды көбөйтүү пландалууда. Биз Бишкекти жана Чүй облусунун райондорун толугу менен газдаштырууну көздөп жатабыз. Мындан тышкары, борбор калаадагы ТЭЦти газга өткөрүү мерчемделген", — деди Ибраев.
Анын айтымына караганда, Чалдыбарда кубаттуулугу 500 мегаватка жеткен газ электростанциясын куруу маселеси дагы каралууда.
Дизель майы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Ташиевдин сүйлөшүүсүнөн кийин Кыргызстанда дизель арзандады
Жаңылыктар түрмөгү
0