Август-сентябрда Россияга барам деген кыргызстандыктар үчүн маанилүү маалымат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архивдик сүрөт
Москва шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Жазылуу
Элчилик РФтин окуу жайларына өткөн кыргыз жарандарына да кеңеш берди.
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Август жана сентябрь айларында Россияга барам деген кыргызстандыктар өлкө аймагына кире алар-албасын алдын ала текшерип алуусу зарыл. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилиги кабарлады.

“Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесиндеги маалыматтарды текшерүү үчүн Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине кайрылуу керек”, — деп жазылган маалыматта.

Россиянын жогорку окуу жайларына тапшыргандар жатаканага жайгашуу жана жашоо боюнча конкреттүү көрсөтмөлөрдү алуу үчүн эртерээк университеттин администрациясына кайрылышы кажет. Ошондой эле зарыл болгон учурда керектүү документтерди толтуруу үчүн РФтин аймагына алдын ала келүү сунушталат.
Москва шаарындагы курьер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Россия мигранттардын каттоого турушун жөнөкөйлөштүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0