Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиянын тик учактары — Украина менен НАТО үчүн өкүм. Сереп

© Sputnik / Иван Родионов / Медиабанкка өтүүКа-52 "Аллигатор" тик учагы. Архив
Ка-52 Аллигатор тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Жазылуу
Россиялык коргонуу-өнөр жай комплексинин ири потенциалы жана куралдануусунун технологиялык артыкчылыгы Украина менен Түндүк Атлантика альянсын жеңилүүгө кептейт.
Россиянын сокку уруучу тик учактары Батыштын Киевге курал-жарак жана техника жөнөтүүсү арзыбаган иш экенин, Москванын НАТО чегин 1997-жылкы чекке кайтаруу талабынын орундуу экенин көзгө сайып көрсөтүүдө. Бул ирет аскерий баяндамачы Александр Хроленко аба техникасынын кубаттуулугу тууралуу айтып бермекчи.
Ростех жетекчиси Сергей Чемезов 7-августта өлкө президенти Владимир Путинге 2022-жылдын жыйынтыгы жана курал-жарак өндүрүүнүн эселеп өскөнү тууралуу маалымат берди. Россиянын 60 регионунда жайгашкан 800 өнөр жай бирикмелери үчүн коргонуу жаатындагы буйрутма азыр биринчи орунда. Өзгөчө көңүл улуттук жана технологиялык коопсуздук үчүн өтө маанилүү болгон авиакурулушка бөлүнүүдө.
"Вертолеты России" холдинги жыл ичинде винт канаттуу 296 аскер машинасын чыгарган (120 пайыздык өсүш), бул атайын операциянын жүрүшүндө каршы тарап үчүн кыйла сезилерлик болду. Танкага каршы "Вихрь" ракетасы бар сокуу уруучу Ка-52 "Аллигатор" тик учактары июндан бери жүздөгөн танк менен пехотанын аскер машинасын жок кылды, анын ичинде немецтик "Леопарддар" менен америкалык "Брэдлилер" да бар. Ка-52 "Аллигатор" фронттун бардык багытында олжолуу.
Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн учкучтарынын алдыда иши көп — 2022-жылдын февралынан бери Украина Батыштан жүздөгөн танк, 4000ден ашуун сооттолгон машина, 1 100 артиллериялык курал алды. Атайын операция жүрүп жаткан 530 сутканын ичинде Украина Куралдуу күчтөрүнө таандык 11 200 танк менен аскер машиналары жок кылынды.
Американын Military Watch журналы "Россиянын сокку уруучу тик учактарынын согуш талаасындагы мааниси барган сайын артып барат, быйыл жайда Ми-28 менен Ка-52 Украинанын сооттолгон техникасын бир топ бүлгүнгө учуратты. Россиялык тик учактар мурдагыдай эле дүйнөдө алдыда, ал эми Ми-28 менен Ка-52ге тең келчү тик учак жок" деп жазды.
Бутасын 10 чакырымдан туруп жок кылууга жөндөмдүү "Вихрь-1" ракетасы да көз жаздымда калган эмес. Россиянын сокку уруучу тик учактары атайын операция жүрүп жаткан аймакта дээрлик жоготууга дуушар болгон жок.
Америкалык танк M1A1 Abrams техникалык тейлөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Abrams танкаларынын биринчи батальону утилизацияга жөнөтүлдү. Атайын операция

"Аллигаторлор" согушу

Украинанын атайын операция жүрүп жаткан аймагында Ка-52 тик учактары абадан жердеги аскер күчүн коргоп-колдоп, десанттык бөлүктөрдү "ыргытууда". Кынтыксыз куралданышы "Аллигаторго" күн-түн дебей Украинанын аскер күчүн, техникасын, жашырынган жерин, башкаруучу жайларын да жок кылууга мүмкүнчүлүк берет.
Ка-52 сыртындагы илмектин алты түйүнү менен 2 800 килограммга чейинки түрдүү класстагы курал-жарак, ракеталарды алып жүрө алат. Жакында "Аллигатор" 100 чакырымга чейинки канаттуу ракеталарды интеграциялап, Су-25М штурмовиктери менен Су-24М бомбардировщиктеринин ордун басмакчы. Ал эми 30 миллиметрлик 2А42 замбиреги бул тик учактын кубаттуулугун арттырып келет. Мындай замбирек БМП-2, БТР-82А жана БТР-82АТ танкаларында бар.
Бутаны аныктоочу жана жок кылуучу заманбап каражаттары Ка-52ге дээрлик бардык учурда ийгиликти камсыздап берет. Мындан тышкары, саатына 320 чакырымга чейин, артын көздөй 100, борту менен 80 чакырымга чейин уча алат. 5 500 метрге көтөрүлүп, 460 чакырымга чейин барат.
Ка-52 тик учагынын "жүрөгү": "Аргумент-2000" комплекси, интеграцияланган "Багет-53" санарип аныктоочу машинасы, пилотаждык-навигациялык комплекс, мээлөөчү система, "Арбалет-52" жогорку вольттуу ажыратуучу система жана байланыш комплекстери. "Арбалеттин" өзү эле "Стингер" ракетасын беш чакырымдан, танканы — 12, учактарды 15 чакырымдан көрө алат, 20 бутаны коштоп, бир эле учурда мээлөөчү жана навигациялык системага маалымат жөнөтүүгө жөндөмдүү. Абадагы тоскоолдуктар тууралуу эскертип тура алат. Радиолокатор, тепловизор, ыраактыкты өлчөөчү лазердик жабдуу жана видеокамера айланадагы кырдаал боюнча маалыматтарды борттогу компьютерге жөнөтүп, андан экипаж сунуштарды алат. Ичиндеги бир нече мотитордон учкучтар болгон маалыматка ээ болуп, бул өз кезегинде бүтүндөй комплексти башкарууну жеңилдетет.
"Витебск" коргоо системасы автоматтык түрдө лазер, радиолокатордун нурларын аныктап, каршылаштын бута аныктоосуна, ракеталарды мээлөөсүнө тоскоолдук жарата алат. Андан соң көрүлгөн чаралар жана колдо калган коргонуу каражаттары тууралуу экипаж мүчөлөрүнө үн менен кабар берет. Тик учак кош башкарууга ээ, сооту 300 килограммга жетет, учкучту куткаруучу орундуктар да дүйнөдө биринчи жолу ушул Ка-52ге орнотулган. Сооттолгон эки орундуу кабинасы 12,7 мм калибрлүү октон жана 23 мм снаряддын сыныгынан жакшы корголгон.
"Аллигатор" дүйнөдөгү эң мыкты корголгон тик учак болуп саналат. Атайын операциянын убагында каршы тарап 18 "Стрингер" зениттик ракетасын кое берген учур болгон, экипажы эч нерсе болгон эмес.
Атайын операция жүргөн Украинага келчү 300дөй Ка-52, кандай гана каршылаш болбосун апаатка учурата турган куралга айлана алат. Бирок Ростех муну менен чектелбестен бешинчи муундагы Су-57 истребителин, ракета алып жүрүүчү Ту-160 учагын, Ил-76МД-90А машинасын чыгаруу үчүн жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизип сыноодо. 2022-жылы аскердик самолеттордун өндүрүшүн эки эсеге көбөйткөн. Украина менен НАТОну кейишке салган бул тизмени "Ланцет", "Искандер", "Кинжалдар" менен уланта берсе болот.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россиянын МиГ-31 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Заманбап МиГ-31 истребителинин мүмкүнчүлүктөрү. Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0