Кара-Балтада эки унаа айдап бараткан ага-ини туугандар сүзүшүп, бирөө каза болду

© Фото / Пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской области.Кара-Балта — Степное жолунун 21-чакырымында үрөй учурган кырсык катталды
Кара-Балта — Степное жолунун 21-чакырымында үрөй учурган кырсык катталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Жазылуу
Кырсык Кара-Балта шаары менен Степное айылынын ортосунда болгон.
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кечээ, 9-августта, Кара-Балта — Степное жолунун 21-чакырымында үрөй учурган кырсык катталды.
Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Toyota Carina жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаалар карама-каршы багытта келе жатып кагышканын билдирди. Кырсыктын кесепетинен Toyota унаасынын айдоочусу набыт болуп, үч жүргүнчү жаракат алган. Алар райондук ооруканага жеткирилгени белгиленди. Окуя катталган жерге жол инспекторлору барган.
Милициядагы маалымат булагы сүзүшкөн эки машинанын айдоочулары ага-ини туугандар болгонун айтты.
Жүргүнчүлөр автоунаанын фарасынын фонунда жолду өтүп бара жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Көлдө мас айдоочу коюп кеткен 22 жаштагы кыз каза болду. Кырсыктын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0