12-августка карата аба ырайы

© Photo / Pexels /Fatih GüneyКыз жамгырлуу аба учурнда кол чатыр менен бара жатат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз жамгырлуу аба учурнда кол чатыр менен бара жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
Жазылуу
12-августта түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ишембиде күндүз Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +24...+29, Таласта +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарында +21...+26 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +26...+28, Чолпон-Атада +24...+26 жана Ош шаарында +32...+34 градусту көрсөтөт.
Ылайда жубайын көтөрүп бараткан киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
Шашылыш билдирүү! Дем алыш күндөрү жаан жаап, тоолуу аймактарда сел жүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0