Ош мэриясы баланы мектепке каттоодо кандай документтер талап кылынарын эскертти

© Sputnik / Табылды КадырбековМектепке баласын жетелеп бараткан киши. Архивдик сүрөт
Мектепке баласын жетелеп бараткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
Жазылуу
Муниципалитет аталган маселе боюнча ата-энелерден кайрылуулар көп түшүп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ош мэриясы 1-класска баруучу баланы мектепке каттоо учурунда жашаган жеринен жана үй-бүлө курамы боюнча маалым кат талап кылынбай турганын эскертти.
Муниципалитет аталган маселе боюнча ата-энелерден кайрылуулар көп түшүп жатканын белгиледи.
Баланы мектепке кабыл алууда талап кылынган документтер:
Жашаган жери боюнча жалпы билим берүүчү уюмга кабыл алуу тууралуу ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) биринин арызы;
Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн баланын жана ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) биринин ким экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту;
Ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалым каттын (белгиленген формадагы) түп нускасы, алынган эмдөөлөр жөнүндө маалым каттын (белгиленген формадагы) түп нускасы;
3х4 сантиметр өлчөмүндөгү баланын сүрөтү.
Балдарды мектептин 1-классына кабыл алууга жооптуу жетекчиге каралбаган документтерди талап кылууга тыюу салынат. Электрондук кезек аркылуу каттоодон өтүү керектиги да эскертилди.
Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформациялоо башкармалыгынын башкы адиси Аида Бегалиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Радио
Министрлик ата-энелерден балдарды 1-класска каттоону тездетүүнү суранды
Жаңылыктар түрмөгү
0