Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алиев: "Тазалыктын" техникасын чүпүрөк калдыктары менен күл талкалоодо

© Sputnik / Асел Акмат"Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев
Тазалык муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев борбор калаадагы тигүү цехтери калдыктарды чыгаруу боюнча "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен келишим түзө аларын айтты.
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын таштанды ташыган техникасынын эки чоң душманы бар. Алар тигүү цехтерден чыккан чүпүрөк калдыктары жана күл. Бул тууралуу Рамиз Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Алиев: "Тазалыктын" техникасын чүпүрөк калдыктары менен күл талкалоодо
Анын айтымында, күлдү чыгаруу ишкананын милдетине кирет, бирок ал каптарга салынуу болууга тийиш.
"Тазалык" ишканасында маселе көп. Эң эле кыйыны — тигүү цехтеринен чыккан чүпүрөк калдыктары. Мыйзам боюнча цехтер биздин ишкана менен келишим түзсө, кызматкерлер барып жеринен жүктөп кетип турушат. Тилекке каршы, көбүнесе алар шаардыктар таштанды ыргытуучу урнага түндөп алып келип таштап кеткен учурлар кездешет. Анан калса мындай таштандылар капка салынбай чачылып калат. Аны биздин кызматкерлер автоунаага жүктөгөндө автомашинанын поршень, гидравликаларына оролуп, күл болсо чачылып зыян алып келүүдө. Мындай таштанды көп жүктөлгөн техника жыйынтыгында тез эле ушул эки жабдыгы талкаланып, иштен чыгып калууда. Күлдү да шаар тургундары урнага же сыртына эле чачып койгон учурлар көп. Ооба, ал катуу турмуш-тиричилик калдыгына кирип, "Тазалык" муниципалдык ишканасы тазалаганга милдеттүү таштандынын катарын толуктайт. Бирок эреже боюнча аны да чачылбай тургандай таңгактарга салуу керек", — деди Алиев.
Ал тигүү цехтеринен чыккан чүпүрөк калдыктары таштанды полигонуна барганда өрттөлгөндүктөн жалбырттап күйбөй, түтөп абаны булгап жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0