Карызыңыз жокпу? Дүйшөмбүдөн тарта Бишкекте 3 700 абоненттин жарыгы өчүрүлөт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭлектрик иш учурунда. Архив
Электрик иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Жазылуу
Ишкана керектөөчүлөргө электр жарыгына каражатты өз учурунда төлөөнү эскертти.
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. "Бишкек электр тармактары" ишканасы 14-августтан баштап карызы бар 3700дөн ашык абоненттин электр энергиясын аралыктан өчүрүүнү баштайт.
Ишкана мындай ыңгайсыздыктарды алдын алуу үчүн карызы барларга төлөп коюуну эскертти. Болбосо өчүрүү иштери дүйшөмбүдөн тартып "акылдуу" эсептегичтер аркылуу жасалат.
Компания сайтында "Абоненттин балансы" ("Баланс абонента") деген бөлүм бар экендигин, ал жердеги эсептен каалаган учурда канча каражат чыкканын текшерип алууга болорун эске салды. Мындан тышкары, Play Market же AppStore аркылуу телефонго "Менин жарыгым" ("Мой свет") тиркемесин жүктөп алуу менен карызды көрө аласыз.
Керектөөчүлөр балансын билүү үчүн күнү-түнү иштеген борборго 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 же 0556 001209 WhatsApp номери аркылуу байланышка да чыкса болот.
Ошондой эле абоненттер карызын Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), Megacom, О!, "Оңой" төлөм терминалдары аркылуу бере алышат. О!, MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары да бар.
"Кыргызстан" коммерциялык банкы, РСК, "Керемет", "Дос Кредобанк", "Бакай", "Халык", КICВ, "Оптима" банктарынын кассалары аркылуу да төлөөгө болот. Мындан тышкары, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү кабыл алат.
Электр жарыгын өчүрүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
Пресс-борбор
Министр энергетикага өзгөчө кырдаал кирсе кандай чектөөлөр болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0