Кыргызстандык окуучу шахмат боюнча дүйнө чемпионатында алтын утту

© Фото / Департамент физической культуры и спортаКыргызстандык окуучу шахмат боюнча дүйнө чемпионатында алтын утту
Кыргызстандык окуучу шахмат боюнча дүйнө чемпионатында алтын утту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Жазылуу
Мелдешке 53 өлкөдөн келген 300дөн ашык окуучу катышкан.
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бишкектик окуучу Азиз Дегенбаев шахмат боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
© Фото / Департамент физической культуры и спортаКыргызстанский школьник завоевал золото на чемпионате мира по шахматам
Кыргызстанский школьник завоевал золото на чемпионате мира по шахматам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Мелдеш Казакстандын Актау шаарында өткөн. Ага 53 өлкөдөн келген 300дөн ашык шахматчы катышкан. Чемпионат 12 жаштан 18 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында уюштурулду.
Дегенбаев Бишкек шаарындагы Кеңешбек Асаналиев атындагы №6 мектеп-гимназиясынын окуучусу. Ал Актау шаарындагы чемпионаттын финалында индиялык атаандашын жеңип, алтын медалга ээ болду.
Кыргызстандын жаш воллейболчуларынын ийгилиги медаль алып келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Жаш кыргызстандыктардын Москвадагы ийгилиги
Жаңылыктар түрмөгү
0