Адистер кечки тамактан баш тартуу эрте өлүмгө кептээрин билдирди

© Фото / Pexels / Karolina GrabowskaБош табак менен кыз. Иллюстративдик сүрөт
Бош табак менен кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2023
Жазылуу
Кечки тамакка жайыраак сиңген, суюк тамактар сунушталат.
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кечки тамактан баш тартуу эрте өлүм коркунучун 16 пайызга жогорулатарын ИноСМИ басылмасы жазды.
"Кечинде тамактанбаган адамдардын эрте көз жумуу кооптуулугу 16 пайызга жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмгө учуроо коркунучу 17 пайызга жогору болот", — деп жазылган маалыматта.
Адистер кечки тамакка жайыраак сиңген жана суюк тамактарды тандоону сунушташат.
"Мындай тамак клетчаткага жана фитохимиялык заттарга бай, ошондуктан тамактангандан кийин көпкө чейин ток жүрөсүз", — дешет диетологдор.
Эркектерге күнүнө болжол менен 2 250, аялдарга 1 800 калория керектиги аныкталгандыгы кошумчаланды.
Өрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Диетолог өрүктүн жүрөккө тийгизген таасирин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0