Күн салкындайт. Кыргызстан боюнча аба ырайынын бир жумалык божомолу

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте жамгыр учурунда кол чатыр менен кыз. Архив
Бишкекте жамгыр учурунда кол чатыр менен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2023
Жазылуу
Синоптиктер 13-14-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрөрүн эскертти.
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы аптада аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.
Синоптиктердин айтымында, 13-14-август күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй, Талас облустары

13-14-августта көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми 15-18-август аралыгында күн ачык болот. Бирок 19-август кайрадан өткүн өтүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

13-14-августта тоолуу райондордо өткүн өтөт. 15-16-август күндөрү жана 17-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 17-августта күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, 18-августтан тарта күн ачылат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 13-14-августта айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл

13-14-августта көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 16-августта күн ачылганы менен андан соң апта аягына чейин жаан-чачындуу болот.

Нарын

13-14-августта айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 15-17-августта күн ачык болот. Андан соң күн жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Айтматовдун чыгармалары Көчмөндөр модасында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Айтматовдун чыгармалары "Көчмөндөр модасында". Фестивалдын кызыктуу ирмемдери
Жаңылыктар түрмөгү
0