Россиялык дарыгерлер Ошто кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасашты. Сүрөт

© Фото / Ошская межобластная детская клиническая больницаРоссиядан келген дарыгерлер Ошто өспүрүм кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасап беришти
Россиядан келген дарыгерлер Ошто өспүрүм кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасап беришти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2023
Жазылуу
Россиянын алдыңкы ортопед-травматологдору кыргызстандык кесиптештерине тажрыйбасы менен бөлүштү.
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Россиядан келген дарыгерлер Ошто өспүрүм кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасап беришти. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы кабарлады.
Операция аталган ооруканада жасалган. Август айынын башында Ноокат районунун тургуну кызынын төрөлгөндөн бери жамбаш сөөгүнүн өсүүсүндө көйгөй бар экенин айтып кайрылган.
© Фото / Ошская межобластная детская клиническая больницаРоссиядан келген дарыгерлер Ошто өспүрүм кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасап беришти
Операция на малом тазу девочке-подростку в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2023
Россиядан келген дарыгерлер Ошто өспүрүм кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасап беришти
Кызга буга чейин бир нече жолу операция жасалган. Бул сапар ооруканага Россиянын Курган шаарынын Г.А. Илизаров атындагы Илим изилдөө борборунун ортопедия бөлүмүнүн башчысы Тепленький Михаил Павлович менен жогорку категориядагы ортопед-травматолог Парфенов Эдуард Михайлович келип, уникалдуу операция жасашкан.
"Операциянын өзгөчөлүгү — алар жамбаш сөөктү тегиздеп, калыбына келтиришкен жана Илизаров аппаратын коюшкан. Мындай операцияны кыргызстандык кичинекей кызыбызга жасоо менен тажрыйба алмашып, биздин дарыгерлерге да үйрөтүп кетишти", — деп жазылган маалыматта.
Оорукананын травматология бөлүмүнүн дарыгери Тамырлан Абдыкадыров россиялык кесиптештерине тажрыйба алмашканы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай саамалык улана берерин айткан.
Офтальмолог көз текшерип жаткан учур. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Кытай дарыгерлери көзгө бекер жасачу операция боюнча кайда кайрылса болот? Дареги
Жаңылыктар түрмөгү
0