Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи

© Sputnik / Виктор ТолочкоКМШ оюндарынын медалдары. Архивдик сүрөт
КМШ оюндарынын медалдары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Жазылуу
Мелдешке спорттун 20 түрүнөн 22 мамлекет катышты.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи.
Аталган турнир 4-13-август күндөрү Беларустун Минск шаарында өтүп, спорттун 20 түрүнөн 22 мамлекет катышты. Кыргызстандын курама командасы спорттун 17 түрүнөн ат салышып, 200дөн ашык спортчу барган.
Кыргыз делегациясы бир алтын, сегиз күмүш, 18 коло медаль уткан. Жалгыз башкы байгени кыз-келиндер күрөшү боюнча Нурзат Нуртаева багындырды. Натыйжада Кыргызстан жетинчи орунду ээледи. Тажикстан сегизинчи орунга илинген.
Алдыңкы үчтүккө Россия, Беларусь жана Өзбекстан чыккан.
КМШ өлкөлөрүнүн III оюндары 2025-жылы Азербайжанда өтөт.
Чолпон-Атада Борбор Азиядан чогулган жаштардын форуму өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
Чолпон-Атада Борбор Азиядан чогулган жаштардын форуму өттү. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0