Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чүй облусу боюнча 20 миңден ашык тургунга кызыл китеп берилет

© Sputnik / Асел АкматПрезиденттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агрардык сектор башчысы Нурзаман Адашпасов
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агрардык сектор башчысы Нурзаман Адашпасов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Жазылуу
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агрардык сектор башчысы Нурзаман Адашпасов жер маселеси боюнча канча арыз түшкөнүн айтты.
Чүй облусу боюнча жерди мыйзамдаштыруу боюнча жалпы 38 миңден ашык арыз түшүп, бүгүнкү күндө алардын 20 миңден ашыгы ийгиликтүү каралып бүттү. Бул тууралуу Нурзаман Адашпасов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Чүй облусу боюнча 20 миңден ашык тургунга кызыл китеп берилет
Анын айтымында, тиешелүү тараптар калган 18 миңден ашык тургундун арызынын үстүнөн иш алып барууда.
"Баарыбызга маалым болгондой, буга чейин айрым жер тилкелери мыйзамсыз жол менен 3-4 кишиге сатылып кеткен. Бул боюнча биздин облустан жалпы 38 миңден ашык адамдан арыз түшкөн. Тиешелүү тараптар иш алып барып, учурда 20 миңден ашык арыз ийгиликтүү каралып бүттү. Бул — 20 миңден ашуун жарандын жери боюнча алдыда талаш маселе жаралбайт дегендик. Калган арыздар боюнча да иштеп жатабыз. Бир эле жер канча көп кишиге сатылып кеткен болсо, териштирүү ишине да ошончолук көп убакыт кетип жатат. Жакында 20 миңден ашык тургун сатып алган жери боюнча кызыл китепке ээ болот", — деди Адашпасов.
Ал жерди мыйзамсыз саткандар боюнча укук коргоочулар да иш алып барып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0