Трамп президенттик шайлоодо Байденди кыйла артта калтырарына ишенет

© AFP / Stefani ReynoldsАКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архивдик сүрөт
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Жазылуу
АКШдагы президенттик шайлоо 2024-жылдын ноябрь айына белгиленген.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп президенттик шайлоодогу жарышта Жо Байденди артта калтырарын айтты. Бул тууралуу британиялык Times гезити жазды.
“Жеңиш мүмкүнчүлүгү 100 пайызга жакын”, — деди саясатчы басылмага.
Трамп ошондой эле республикачылар арасында ага атаандаш боло турчу киши жок экенин кошумчалады. АКШдагы президенттик шайлоо 2024-жылдын ноябрь айына пландалган. Трамп дагы, Байден дагы шайлоого катышуу ниетин билдирген.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2023
Трамп жашыруун документтерди үйүндө сактап жүргөнү үчүн камалышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0