Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ивент-менеджер той алдында керексиз нерселерди сатып алууга жол бербейт

© Sputnik / Асель СыдыковаШоумен, ивент-менеджер Акыл Ирсалиев
Шоумен, ивент-менеджер Акыл Ирсалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2023
Жазылуу
Шоумен, ивент-менеджер Акыл Ирсалиев иш-чараны уюштуруучу кесиптин өзгөчөлүгү, зарылчылыгы тууралуу айтып берди.
Замандын талабына жараша адамдардын убактысы абдан аз. Ошондуктан ар кандай иш-чара, той-топур уюштурууда ивент-менеджерлерге муктаждык пайда болду. Бул тууралуу Акыл Ирсалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ивент-менеджер той алдында керексиз нерселерди сатып алууга жол бербейт
Анын айтымында, ивент-менеджерлер той ээлеринин каалоосун чектебейт.
"Мурда бул кесип анча популярдуу эмес болсо, азыр атайын даяр программалары менен кызмат көрсөткөндөр арбыды. Анын үстүнө адамдар жеке майрамдарын эӊ жогорку деӊгээлде, кооз жасалгалардын, ар кандай шоу-программалардын коштоосунда өткөрүүгө умтулушат. Бул кызматты көрсөткөн ивент-менеджерлер меню түзүп, иш-чаранын концепциясын аныктап, коноктордун санын тактап, аларды жайгаштырып, ырчы-чоорчулардын кайсы убакта эл алдына чыгарына чейин пландап, кечени толугу менен башкарышат. Албетте, иш-чара кынтыксыз өтүшү үчүн бүтүндөй бир команда иштейт. Анын көрсөткөн кызматына жараша акысы да бар. Ашыкча акча сарптап, бул адистерди жалдап эмне кереги бар дегендер да болушу мүмкүн. Биринчиден, ивент-менеджерлер жүрөкзаада болуп чый-пыйы чыгып турган той ээлеринин нервин сактайт. Эӊ негизгиси, ивент-менеджер той уюштурууда керексиз жана пайдасыз сатып алууларга жол бербейт. Ушул жагынан алганда адистерди жалдап ошол эле сумманы сарптаган оӊ болуп калат", — деди Ирсалиев.
Ал бир тойду уюштурууга 1,5 айдан 5 айга чейин убакыт кетерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0