Милиция: пляждан туристтердин телефон, акчаларын уурдап жүргөн топ кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовТелефон урдоо. Архивдик сүрөт
Телефон урдоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2023
Жазылуу
Шектүүлөрдүн бирөө эки айга тергөө абагына киргизилип, үчөө үй камагына чыгарылган.
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдап жүргөн деп төрт адам кармалды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, алар Бостериде жана Чолпон-Атадагы пляждарда телефон, акча уурдоо менен шугулданган. Тергөө учурунда сегиз факт далилденип, туристтерге 310 миң сом зыян келтиришкени аныкталган.
Кылмышка мурда соттолгон Бишкектин тургундары 20 жаштагы К.Б., СИ., Д.И. жана Чүй облусунун 23 жаштагы жашоочусу Т. А. айыпталууда. Бирөө эки айга тергөө абагына киргизилип, үчөө үй камагына чыгарылган.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") менен кылмыш ишин козгоп, аталган топтун башка ушундай кылмыштарды жасоого катыштыгы бар-жогун текшеришүүдө.
Кишендер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмү. Милиция акыры шектүүлөрдү тапты
Жаңылыктар түрмөгү
0