"Армия-2023": жердеги техниканы калкалаган "Тор-2Э" зениттик-ракеталык комплекси

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүЗениттик-ракеталык комплексттер. Архивдик сүрөт
Зениттик-ракеталык комплексттер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2023
Жазылуу
Көргөзмөгө атайын операция учурунда колдонулган курал-жарак, ок-дары, согуштук техника коюлган.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Россиянын орточо ыраактыктагы "Тор-2Э" зениттик-ракеталык комплекси атайын операция учурунда жердеги техниканы калкалоодо мыктылыгын көрсөттү. Бул тууралуу "Армия-2023" фоурумунда "Алмаз-Антей" концернинин адиси Павел Дряхлов айтканын Sputnik Ближнее зарубежье кабарлады.
Ал комплекс канаттуу жана баллистикалык ракеталарга кошуп абадагы бардык бутаны жок кылууга жөндөмдүү экенин белгилеген.
"Тор-2Э" комплекси марштагы техниканын колоннасын калкалай алат, мында "стелс" технологиясы менен жасалган учуучу аппаратардан да коргойт.
Эскерте кетсек, 14-августта башталган аскердик-техникалык "Армия-2023" эл аралык форуму 20-августта соңуна чыгат. Анда атайын операция убагында мыктылыгын далилдеген техника жана бул жааттагы саамалыктар көрсөтүлөт. Быйыл аталган форумга 69 чет элдик делегация катышууда, анын 29ун коргоо министрлери менен генералдык штабдардын жетекчилери баштап келген.
Форумга келген коноктор 28 миңден ашуун экспонаттарды көрө алышат. Иш-чара үч аянтчада өтүп жатат: "Патриот" көргөзмө борборунда, "Алабино" полигонунда жана Кубинка аэродромунда. Көргөзмө экспозициясынын аянты 300 миң чарчы метрди түзөт.
Жыйынтыгында 433 миллиард рублден ашкан келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Форумдун алкагында Эл аралык коопсуздук боюнча XI Москва конференциясы жана II Эл аралык антифашисттик конгресс өтөт.
 Армия-2023 форумунун катышуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2023
Көп кырдуу Р-177М. "Армия-2023" форумунда жаңы сооттолгон машина көрсөтүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0