Шалаакылык кимден кетти? Төрөттө ымыркайдын акыреги сынган окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековВрачи с новорожденным ребенком. Архивное фото
Врачи с новорожденным ребенком. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2023
Жазылуу
Наристеси майып болуп калганын айткан атасы президентке жардам сурап кайрылды.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Караколдогу төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын акыреги сынып, мээсине кан уюп калган. Бул туурасында наристенин атасы Аман Кыдыралиев Sputnik Кыргызстанга билдирди.
Ал дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап, жазага тартууну талап кылып президентке кайрылды. Учурда келинчегинин да, ымыркайынын да абалы өтө оор экенин айтууда.

"Келинчегимди операция менен төрөтүү алдын ала пландалган. 13-августка караган түнү саат 4:00 чамасында толгоосу башталыптыр. Бирок дарыгерлер карабай койгон, издеп жатып араң чакырыптыр. Саат 9да төрөт залына алып кирип, 9:30да келинчегим өзү төрөгөнгө аргасыз болгон. Анда да шалаакылыктан түшүрүп жибергенби же эмне кылышкан, билбейм. Баламды минтип майып кылып коюшту. УЗИден баарын жакшы көрсөтүп жаткан", — деди атасы.

Өз кезегинде Саламаттык сактоо министрлиги комиссия жөнөтүлүп кызматтык иликтөө башталганын билдирди.
Бул окуя боюнча Ысык-Көл бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысынын орун басары Рыскан Алдашева жооп берип, ал күнү төрөт көп болгонуна байланыштуу келин жакшы каралбай калганын айтты.
"Кош бойлуу келин бизге 10-августта түшүп, дарыланып жаткан. Диагнозун аныктап, 14-августта операция кылуу пландалган. Тилекке каршы, толгоосу 13үндө таңга жуук башталып калат. Белгилей кетсем, ошол күнү бизде 8 төрөт болгон, анын ичинде оор операциялар да бар болчу. Андан кийин бул келинге келишкенде баланын башы көрүнүп калгандыктан өзүн төрөтүүнү чечишет. Төрөтү оор, баланын салмагы чоң болгондуктан акырек сөөгү сынып кеткен", — деди дарыгер.
Ошондой эле ал министрликтен комиссиялар барып текшерип жатканын, күнөөлүүлөр аныкталса жооп беришерин кошумчалады.
УЗИ процедурасындагы кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Министрлик кош бойлуулуктагы коркунучтуу учурларды тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0