Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын экс-премьери АКШдан акчалай жардам жакында токтой турганын айтты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУкраинанын экс-премьер-министри Николай Азаров. Архивдик сүрөт
Украинанын экс-премьер-министри Николай Азаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү АКШ президенттигине талапкер Роберт Кеннеди Украинага 113 миллиард долларлык колдоо көрсөтүлгөнүн билдирген.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. АКШ Киев режимине болуп көрбөгөндөй ири сумма жумшай берип чарчады, жакында мындай колдоо токтойт. Бул тууралуу Украинанын экс-премьер-министри Николай Азаров билдиргенин РИА Новости жазды.
"Вашингтон акча сарптай бергенден чарчады, жардам жакында түгөнөт. Россия менен Украинанын аскердик жана идеологиялык потенциалынын айырмасы асман менен жердей: Украина Куралдуу күчтөрү же курал-жарагы, же акчасы жок жалданма аскерлерден турат, толугу менен Батыштан көз каранды. Ал эми Россиянын Куралдуу күчтөрү мунун карама-каршысы", — деген Азаров соцтармактагы баракчасында.
Экс-премьер АКШ дагы 10 жылдай Украинаны колдойт деген сөзгө акылы жайында болгон бир да киши ишенбей турганын белгилеген.
Дүйшөмбү күнү АКШ президенттигине талапкер Роберт Кеннеди Украинага 113 миллиард долларлык колдоо көрсөтүлгөнүн, ал арада миллиондогон америкалык кароосуз калып жатканын билдирген.
АКШнын Республикалык партиясынын өкүлдөр палатасынын мүчөсү Марджори Тейлор. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Конгресси Россияга каршы санкциялар кыйроого учураганын моюндады
Жаңылыктар түрмөгү
0