Мектепке аккредитация, бала бакчага лицензия керек эмес. Мыйзам күчүнө кирди

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшБала бакча. Архивдик сүрөт
Бала бакча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
Жазылуу
Акча окуучунун артынан ээрчиген ваучердик система да пилоттук негизде башталат.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзамга кол койду. Ал "Токтом" маалыматтык-укуктук порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Документ 29-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Негизги демилгечилердин бири, депутат Жанар Акаев мында кандай жаңы нормалар киргенин айтып берди:
бала бакча иштетүү үчүн лицензия алуу шарт эмес. Өрт өчүрүү кызматы менен Санитардык көзөмөлдөн гана уруксат алат, бирок жалпы мамлекеттик стандарт сакталат. Буга чейин 14 жерден документ чогултуу талап кылынган. Бул бала бакчалардын санын тездик менен көбөйтүүгө шарт түзөт. Азыр өлкө боюнча 24 пайызы гана камсыз болгон;
мугалимдердин колу-бутун тушаган мектепти аккредитациялоо эми милдеттүү болбойт. Ыктыярдуу түрдө гана жүргүзүлөт;
ваучер системасы (окуучуну ээрчиген акча) 2026-жылга чейин пилоттук негизде башталат;
кесиптик лицейлерге, колледждерге жана университеттерге административдик, финансылык жана академиялык эркиндик берилет;
менчик мектеп ачууда Билим берүү министрлиги менен уставды макулдашуу зарыл эмес;
мектептердин автономиясы (административдик, финансылык жана академиялык эркиндик).
Мода көргөзмөсүнүн катышуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2023
Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 673 млн. сом бөлүндү
Жаңылыктар түрмөгү
0