УКМК 5 милиционерди кармады. ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовИИМдин имараты. Архивдик сүрөт
ИИМдин имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
Жазылуу
Милиция кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелүүдө.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкекте беш милиционер кармалганын УКМК кабарлады.
Ага ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын айрым кызматкерлери синтетикалык дарыларды саткандардан акча талап кылган фактылар аныкталган.

“Кызматкерлердин тобу мессенджерлер аркылуу синтетикалык баңгизаттарды колдонгон адамдарды аныкташкан. Кылмышка тиешеси барларды видеого тартып, камайбыз деп коркутуп акча талап кылышкан. Кармалгандар 20 миң сомдон 5 000 долларга чейин берүүгө аргасыз болгон. Кызматкерлер акча алгандан кийин фактыларды жашырып, аларды бошотушкан”, — деп жазылган маалыматта.

Тергөөдө акыркы эки жылда болгон 200дөн ашык ушул сыяктуу фактылар боюнча маалыматтар алынган. Натыйжада беш кызматкер УКМКнын камагына киргизилген.
ИИМ милиция кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирди.
“Иликтөөнүн жыйынтыгында өздүк курамдагы кызматкерлерди көзөмөлсүз калтырган жетекчилерге катуу тартиптик чаралар көрүлөт”, — деп жазылган маалыматта.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилери айтылды.
Киши Ички иштер министрлигинин кызматкеринин күбөлүгүн көрсөтүп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
УКМК: милиционербиз деп элди алдап жүргөндөр кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0