Июнь окуясында милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө шектүү кармалды. Видео

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР2010-жылы аскерлерди жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп издөөдө жүргөн кыргызстандык Х.Д.А. кармалды.
2010-жылы аскерлерди жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп издөөдө жүргөн кыргызстандык Х.Д.А. кармалды. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
Жазылуу
Спецназ шектүүнү аэропорттон түшүрүп, Ош шаарындагы №5 тергөө камагына алып кетти.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Чет мамлекеттен 2010-жылы аскерлерди жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп издөөдө жүргөн кыргызстандык Х.Д.А. кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Билдирмеге ылайык, Кара-Суу районунда төрөлгөн 50 жаштагы киши Июнь окуясында массалык башаламандыкка активдүү катышкан.

“Нариман айылында Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө”, — деп жазылган маалыматта.

Кармалган жаран Ош шаарындагы №5 тергөө камагына киргизилет.
УКМК 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертти.
Эскерте кетсек, 2010-жылы 10-июнда улуттар аралык жаңжал чыгып, кан төгүлгөн. Расмий маалыматтар боюнча, каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.
Спецназ. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Июнь окуясында Сузакта подполковникти өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0