Ысык-Көлдөгү пляжда скутер иштеткендер ата-баланы сабашкан. Жаңы жагдайлар

© Sputnik / Владимир ФедоренкоСкутер айдаган киши. Архивдик сүрөт
Скутер айдаган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
Жазылуу
Эс алуучулардын алган жараатынын оорлугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү пляжда болгон мушташта скутер иштеткен балдар тарабынан эс алууга келген ата-бала сабалган. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, окуя кечээ, 16-августта, Кош-Көл айылындагы "Радуга Вест" эс алуу борборунун жанында болгон.
Жабырлануучулар Алматыда жашаган Кыргызстандын жараны, 55 жаштагы С.Д. жана анын уулу, 27 жаштагы С.Э. экени аныкталып, алар милицияга арыз жазган. Мунун негизинде скутер иштеткен 18 жаштагы үч жигит Тамчы айылдык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын бирөө Бишкектин, экөө Кош-Көл айылынын тургундары.
Эс алуучулардын алган жараатынын оорлугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгына карап мыйзам чегинде чара көрүлөрү белгиленди. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында териштирүү жүрүп жатат.
Ал эми скутер иштеткендер өз көрсөтмөсүндө эс алуучу скутер тээп жатып аны катуу буруп жибергенде капталдап калганын, жээкке алып чыгышканда ал жүрбөй калганын айткан. Кыймылдаткычына суу кирген деп болжолдоп, эс алуучудан акчасын төлөп берүүнү талап кылган. Бирок ал баш тарткандыктан чыр чыккан.
Кишендер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмү. Милиция акыры шектүүлөрдү тапты
Жаңылыктар түрмөгү
0